Үч айлык көрктөндүрүүнүн алкагында Кадамжай шаарында ишембилик өткөрүлүп жатат. Ишембиликке Кадамжай шаардык мэриясынын аппарат кызматкерлери, «Кадамжай Сууканал» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери, мекеме-ишканалар, жергиликтүү тургундар активдүү катышты.
«Тазалык-ден соолуктун башаты»
Бул иш-чаранын негизги максаты-коомчулукка тазалыкты сактоонун маанисин жеткирүү жана жеке мисал аркылуу жарандарды айлана-чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамиле кылууга үндөө. «Тазалык-ден соолуктун башаты» деген ураан астында өткөрүлгөн ишембилик жаратылышка жана коомдук жайларга болгон камкор мамилени арттыруу менен бирге, ден соолукту чыңдоонун дагы бир жолу экенин эске салат.
УРМАТТУУ ШААР ТУРГУНДАРЫ ЖАНА МЕЙМАНДАРЫ ТАШТАНДЫНЫ ТУШ КЕЛДИ ЫРГЫТПАЙ ТАЗА ШААР ҮЧҮН АР БИРИБИЗ САЛЫМ КОШОЛУ!


