Крнын Президентинин Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Шаменов Айбек Асановичтин катышуусунда, Кара-Жантак айылында эл менен жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги №272-т тескемесинин мазмуну жана аны жүзөгө ашыруунун негизги багыттары айыл элине түшүндүрүлдү.
Жолугушууга мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрү катышты.
Тескеменин алкагында жарандардын турмуш-тиричилигин жана айылдын инфраструктурасын жакшыртуу,экономикасын өнүктүрүү сыяктуу артыкчылыктуу маселелер камтылды.
Жергиликтүү тургундар тарабынан суроолор берилип, жайында каралды жана каралган маселелер боюнча мекеме ишканалардын жетекчилерине тапшырмалар берилди.

