2025-жылдын 10-январында Кадамжай шаарынын Кара-Жантак участкасында Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановдун эл менен жолугушуусу болуп өттү .
Жолугушууга Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Б.Баяке уулу, мекеме ишканалардын жетекчилери катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кара-Жантак элинин ар түрдүү маселелери каралып, ой пикирлер, сунушталып, аткаруу жагы Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Б.Баяке уулу тарабынан тиешелүү жетекчилерге жүктөлдү.


