Жаңылыктар

1-июнь Балдардын эл аралык коргоо күнү

01.06.2026  18:51     Кароолор (3)

Кадамжай шаарында  1-июнь – Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата өзгөчө майрам уюштурулду

1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Кадамжай шаарынын мэриясы тарабынан кичинекей тургундар үчүн унутулгус шайыр майрам өткөрүлдү.

Ж. Мамажанов атындагы маданият үйүндө уюштурулган иш-чарага 400дөн ашуун бала ата-энелери менен биргеликте келип, кубанычтуу көз ирмемдерге күбө болушту. Майрамдын башкы сюрпризи катары Бишкек шаарынан атайын чакырылган заманбап «Кидс Шоу» (Kids Show) программасы тартууланып, балдарга өзгөчө маанай тартуулады Программада балдар сүйгөн каармандар коштоду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кадамжай районунунмамлекеттик администрация башчысы- акимдин орун басары М. Айтматов жана Кадамжай шаарынын мэри А. Мурзажанов куттуктоо сөз сүйлөшүп, балдардын келечеги кең, жашоосу бейпил болушун каалашты жана алар менен биргеликте майрамдык шаарга күбө болушту.

Мэрия тарабынан балдар үчүн төмөнкүдөй кызыктуу оюн-зооктор уюштурулду:

  • Таттуу белектер: Ар бир балага бекер балмуздак жана шарлар таратылды.
  • Спорттук оюндар: Балдардын шамдагайлыгын арттырган кызыктуу мелдештер өттү.
  • Фейс-арт: Кичинекей коноктордун жүзүнө түрдүү жомок каармандарынын сүрөттөрү тартылды.
  • «Кыялымдагы дүйнө» конкурсу: Асфальтка сүрөт тартуу боюнча өткөрүлгөн бул сынакта балдар өз фантазияларын чагылдырышты.

Конкурстардын жана спорттук оюндардын жыйынтыгында өзгөчөлөнгөн жеңүүчүлөргө мэрия тарабынан атайын сыйлыктар тапшырылды. Майрам шаңдуу күлкү, бий жана шайыр маанай менен коштолду.Балдарга таттуулар тмэрия жана ишкерлер тарабынан таратылды.