1. Жалпы жоболор
Бул конкурс шаардын өнүгүүсүнө салым кошууну каалаган демилгелүү жарандарды колдоо, коомдук активдүүлүктү жогорулатуу жана шаардагы көйгөйлөрдү чечүүнүн инновациялык жолдорун табуу максатында өткөрүлөт.
2. Конкурстун максаты жана милдеттери
Максаты: Шаар тургундарынын арасында позитивдүү социалдык жоопкерчиликти калыптандыруу жана мыкты долбоорлорду ишке ашыруу.
Милдеттери:
Жарандардын шаарды өнүктүрүү боюнча идеяларын чогултуу.
Шаардагы кемчиликтерди аныктоо жана аларды чечүү жолдорун иштеп чыгуу.
Мэрия, бизнес жана коомчулуктун ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө.
3. Конкурстун катышуучулары
Конкурска шаардын бардык активдүү жарандары, жаштар уюмдары жана демилгелүү топтор катыша алат. Катышуучулар жекече же топтук (командалык) тартипте билдирме бере алышат.
4. Конкурстун этаптары
5. Баалоо критерийлери
Долбоорлор төмөнкүдөй критерийлердин негизинде ачык жана адилет бааланат:
Инновациялуулугу: Жаңыча мамиле жана заманбап чечимдер.
Ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү: Долбоордун реалдуу шартта аткарылуу деңгээли.
Шаарга тийгизген пайдасы: Социалдык, экологиялык же экономикалык натыйжалуулугу.
Коомчулуктун колдоосу: Тургундардын долбоорго болгон кызыгуусу жана катышуусу.
6. Негизги багыттар (Номинациялар)
"Шаардык демилге" – инфраструктураны жакшыртуу боюнча сунуштар.
"Санариптик активист" – онлайн платформалар жана IT чечимдер аркылуу шаарды өнүктүрүү.
"Экологиялык патруль" – тазалык жана жашылдандыруу долбоорлору.
"Позитивдүү мисал" – коомдук кайдыгерликти жоюуга багытталган иш-чаралар.
7. Сыйлоо
Жеңүүчүлөр сертификаттар, баалуу белектер (акчалай сыйлыктар) жана өз долбоорлорун мэриянын колдоосу менен ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн алышат.
8. Мөөнөтү
Жарандар азыр баштап, сунуштарын жиберишет. Коомдук талкуудан өткөн соң жыл аягында жеңүүчүлөр аныкталып, сыйлыктар жыл жыйынтыгы менен берилет.