Экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, айлана чөйрөнү жакшыртуу максатында "Жашыл-мурас" Улуттук өнөктүгүнүн алкагында Ош-Баткен унаа жолунун боюнда Кадамжай шаардык мэриясы тарабынан 400м ге 100 түп ийне жалбырактуу бак-дарактар, "Можжевельник виргинский" карагайы отургузулду.
Тиккен бактарыбыз өнүп-өсүп шаарыбызга, табиятка көрк берип, жашыл өрөөн экенин айгинелеп турсун. Ал үчүн баарыбыздын салымыбыз керек.
Урматтуу шаар тургундары жана коноктору ,"Жаратылышты коргоо,аяр мамиле кылуу ар бирибиздин милдетибиз"-
тигилген бак-дарактар убагында суугарып, карап, жулуп уурдай качпай, мал-жандыктарга тебелетпей, айланасын акыр-чикирге толтурбай мамиле жасалса эле тиккен арчаларыбыз көрктөнүп, көрк берет...
Кадамжай-жашыл жашоо байрагы



