Кадамжай шаары — Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Кадамжай районундагы шаар.
Кадамжай pайонунун аймагында, Ак Суу дарыясынын боюнда жайгашкан.
Кадамжай шаары 2012-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын №168 мыйзамына негиз катары Кадамжай поселкалык башкаруусунун базасында Орозбеков айыл аймагына караштуу Пүлгөн, Ташкыя, Чалташ айылдарын бириктирүү менен түзүлгөн. Кадамжай шаары Кадамжай районун борборунан орун алып, деңиз деңгээлинен 980 метр бийиктикте жайланышкан. Батыш тарабынан Халмион айыл аймагы, чыгыш-түндүк тарабынан Көтөрмө, Орозбеков айыл аймактары, түштүк тарабынан Өзбек Республикасынын Фергана облусунун Вуадил району менен чектешип, түндүк тарабынан Марказ айыл аймагы менен чектешип, Өзбек Республикасы менен 19 км чектешип турат.
Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарынан 830 км, Баткен облусунун борбору Баткен шаарынан 103 км алыстыкта, жакынкы аэропорттон 100, Ош аэропортуна 120 км аралыкта жайгашкан.
Кадамжайдын тарыхы

Аймактын Кадамжай деп аталышынын өзүнчө тарыхы бар. Башкача айтканда, мындан 1400 жылдан мурда Мухаммад алейхис-салам пайгамбарыбыздын күйөө баласы жана ислам динин таратууда эң ишенгени Азирет Али шерри даргар ушул чөлкөмгө жасаган жүрүшүндө Кадамжайдын төрүндө токтоп, өрүштөгөн экен. Намаз окуган учурда таш да көлкүлдөп ээрип, тизеси батып, изи калган. Ошол үчүн Азирет-Алинин кадам изи түшкөн жер Кадамжай деп аталып калган дешет. Кадамжай соода кербендеринин жолунда жайгашкан. Тагыраагы, Фергананы айланып өтүп, Сыр–Дарыяга бара турган жана Алай ашууларына алып барган жолдордо жайгашкан. Эми Кадамжайдын Совет доорундагы тарыхына кайрылсак, 1930-жылдын 22-декабрында мурунку контондор жоюлуп Ош округунда 24 район түзүлгөн. Алардын ичинде Исфайрам жана Күлдү болуштарынын негизинде Кызыл-Кыя району түзүлүп, борбору Үчкоргон айылы болгон.
1937-жылдын 1-апрелинен баштап район Молотов району болуп өзгөргөн. Кыргыз КП БКнын чечими менен 1938-жылда Молотов районунан Халмион районун бөлүнүп чыккан. 1940-жылдын 19-октябрынан Халмион району Фрунзе району, ал эми 1959-жылда Үчкоргон району жоюлуп, бир бөлүгү Фрунзе районуна кошулган. 1991-жылдын 15-мартындагы райондук кеңештин чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1992-жылдын 6-мартындагы токтомунуну негизинде Фрунзу району Кадамжай району болуп кайрадана катталуу менен өзүнүн тарыхый атына ээ болгон. Тарыхый жактан Кадамжай шаары алгач сурма өндүрүү боюнча комбинатта эмгектенген металлургдардын поселогу катары 1936–жылы түзүлгөн. 1941-жылы Фрунзе аталышындагы шаар тибиндеги поселок макамына ээ болуп түзүлгөн. КР көз карандысыздыкка жетишкен мезгилден соң, Кадамжай райондук Кеңешинин XXI чечимине ылайык Фрунзе шаар тибиндеги шаарчасы (поселогу) Кадамжай шаарчасы болуп түзүлгөн. 2012-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын №168 Мыйзамына негиз катары Кадамжай поселкалык башкаруусунун базасында курамына Орозбеков айыл аймагына караштуу Кадамжай шаарчасы, Пүлгөн, Ташкыя, Чалташ айылдарын жана Жийделик участкасын бириктирүү менен Кадамжай шаары болуп түзүлгөн.
17001 КАЛКЫ
6,146 км2 АЯНТЫ

Алай кырка тоолорунун Катран тоосунун капталында, Ак-Суу дарыясынын боюнда “Азирети Али” тарыхый-маданий комплекси жайгашкан. Ал комплекс 1999-жылы уюштурулган. Байыртадан келе жаткан уламыштарга жараша, Пайгамбар Мухаммед Алейхи вассаламдын ислам динин жайылтуусу, күйөө баласы Азирети Алинин намаз окуган мезгилде калган кадам издерин жайында бул зыярат кылуу пайда болгон дешет.

“Жийделик” эс алуу жайы Кадамжай шаарынан 3 км алыстыкта жайгашкан. Бул эс алуу жайынын негизин Алай тоолорунун кучагында, деңиз деңгээлинен 1000 м бийиктикте жайгашкан Жийделик көлү түзөт. Жийделик көлүнө агып келүүчү суу тери ооруларына дарылык касиети бар “Котур булак” булагынан келип түшөт. Бул эс алуу жайы жыл сайын жай мезгилинде шаардыктардын жана көпчүлүк коноктордун сүйүктүү эс алуу жайына айланып, көптөгөн туристтердин кызыгуусун арттырып келет.